Тарыхы
"БИР ТОП" компаниясы 2011-жылдын декабрында Бишкек шаарында негизделген (Юстиция министрлигинде катталган күнү: 2011-жылдын 22-декабры). Микрокаржылоого укук берүүчү КРУБдун күбөлүгү 2012-жылдын 9-январында алынган.
Алгачкы насыянын берилиши (сатуунун башталышы) 2012-жылдын апрель айында болгон.
Компания өз ишин 2012-жылдын башында баштаганда болгону 3 кызматкер иштеген. Бүгүнкү күндө Компаниянын штатында республика боюнча 124 кызматкер эмгектенет жана 22 тейлөө кеңсесинен турган кеңири аймактык тармакка ээ.
Учурда «БИР ТОП» МККсы өлкөнүн каржылык рыногунда 11 жылдан бери туруктуу өнүгүп келе жаткан компания болуп эсептелет. Компания күн сайын көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатып, бизнес-процесстерди заманбап каржылык жана маалыматтык чечимдерди колдонуу менен үзгүлтүксүз өркүндөтүп жана өнүктүрүп келет.
Миссиясы
Биздин Компания инвесторлордун ишенимине таянып, кардарларына жеткиликтүү жана ишенимдүү каржылык кызматтарды көрсөтөт. Ар жыл сайын кызматкерлерибиздин жана өнөктөштөрүбүздүн үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Компания өз ишин кеңейтип, кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатат.
Баалуулуктары
"Биздин баалуулуктар — бул жашоого жана ишке болгон мамилебиздин негизи, татаал кырдаалдарда чечим кабыл алууда багыт берүүчү жана дайыма карманган принциптерибиз.
Биз жогору баалайбыз: чынчылдыкты, кардарларга багыттанууну, кесипкөйлүктү, ачык-айкындуулукту, маалыматтын ишенимдүүлүгүн, ишкердик адептүүлүктү, өз ара урматтоону жана инновациялуулукту."
- "Чынчылдык — бул ачык жана түз мамиле кылуу, сөз менен иште калп айтпоого жана маалыматты жашырбоого умтулуу, адилеттүүлүктү сактоо жана бардык тараптарга бирдей мамиле жасоо, ошондой эле иштин реалдуу абалын чагылдырган так маалымат берүү.
- Профессионалдуулук — бул кызматтарды жогорку сапатта, тактык жана жоопкерчилик менен аткаруу, кардарлардын жана компаниянын муктаждыктарына жооп берген деңгээлде билимди жана жөндөмдөрдү үзгүлтүксүз өнүктүрүү.
- Командалык иш (командалык дух) — бул урмат-сыйга жана өз ара колдоого негизделген кызматташтык, ар бир кызматкер компаниянын жалпы максаттарына жетүү үчүн өз салымын кошкон биримдик.
- Каржылык ачык-айкындуулук — бул инвесторлорго, өнөктөштөргө жана кардарларга компаниянын чыныгы абалын бурмалабай чагылдырган так жана түшүнүктүү маалыматты берүү."
Компанияда Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо процедурасы иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Аалы Токомбаев көч., 29/7
Кредит берүү кызматтарды «БИР ТОП» Микрокредиттик компаниясы Жоопкерчилиги Чектелген Коом көрсөтөт. КРУБнын 09.01.2012-жылдагы №423 күбөлүгү.
© 2025 birtop.kg. Бардык укуктар корголгон.
